Турсунбек Акун “Кыргызтест” тууралуу: “Бизди 5-класстын окуучусундай кылып тесттен өткөрүү туура эмес”

Президенттикке талапкер мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун “Кыргызтесттен” мурда жогорку кызматта иштегендер өтпөй эле койсо деген сунушун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-июлда аталган системдин жол жоболору менен тааныштыруу учурунда билдирди.

“Борбордук шайлоо комиссиясы, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы туура эмес кылып жатат. Парламентте иштеген, премьер-министр, спикер, Акыйкатчы болгон инсандар кыргыз тилин билет. Аларды тесттен өткөрүп кереги жок болчу. Бизди кайрадан 5-класстын окуучусундай кылып тесттен өткөрүү туура эмес. Аброюбузга шек келтирип жатат. Эксперттик комиссия Борбордук шайлоо комиссиясы менен макулдашып туруп тилди билген улуттук деңгээлдеги 4-5 инсандарды тесттен бошотуп койсо туура болот. Бизди башкалардын катарына кошуп алып тесттен өткөргөн абройго шек келтирет. Мен мурда президенттикке талапкерлигимди койгондо биринчилерден болуп тесттен өткөм. Анда дилбаян жазганбыз, мындан да кыйын тест болгон. Кайра-кайра эле өтө беребизби? Убакытты кетирбей, бизди бошотсо жакшы болмок”, - деди Турсунбек Акун.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев мыйзамга ылайык, бардык талапкерлер тест тапшыруусу зарыл экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Makain
2017-07-25 11:37:48
Сени акыйкатчы деп жон эле Откоруп калгандары тест тапшырсын тапкан экенсин май башты шайлоого бараткандан кийин аткар баардык айткан нерселерди.
+14
Azat.97
2017-07-25 11:51:00
Милдеттуу турдо тапшыргыла тилибизди булгабай.
+15
mir777
2017-07-25 11:57:22
5-классты окубасан президент болом деп ойлобо
+14
shabdan_osh
2017-07-25 12:28:02
Баардык нерсенин талаптары болот, Силер малчы болгону кетип жаткан жоксунар журт башкарганы ат салышып жатасынар. Ошон учун кынк дебестен талапка баш ий
+13
Midub
2017-07-25 12:30:22
президент боло албасын билип туруп неге талапкерлигин коет тушунбойсун
+16
BekAmir
2017-07-25 12:56:32
Тапшыргыла.
+8
Arsenal2
2017-07-25 12:57:47
4-5 кишини бошотуп коюш керек деп.эмне *** акпы силердин
+10
barakcha
2017-07-25 13:18:45
Комменттер олтурот ай...)))
+2
omurbek1990
2017-07-25 13:19:23
Бул кишини эл билетта. Анан озу деле билет. Жон эле атын чыкпаса жер ортто болуп атат да. Бомба.
+10
tular
2017-07-25 14:33:23
Президент айткандай бир жерлерин кысып эле тапшырышсын тестти! Озун сыйлабасада Кыргыз тилин сыйласын!!!
+7
etaj_rus79
2017-07-25 14:59:17
Азыртан озгочолонуп болнунуп бой которо баштадын демек прещидентике жарабайсын
+7
omurbek1990
2017-07-25 14:59:42
Ой отпоойт бул. Озу деле билет отпошун. Жон эле жанаагындай да ...
+6
PROS
2017-07-25 17:06:05
Бир эле президентке талапкерлерди эмес, жалпы мамлекеттик кызматка иштейм дегендин баарын тесттен өткөрүш керек
+3
Totyua.71.
2017-07-25 17:39:22
ошол 5-класстын денгээлиндеги тесттен откуло, мугалимдерди деле беш жылда бир аттестациядан откоруп жатпайбы?Ажо болуш оной эмес отуш керек тесттен мен кошулам
+4
Taalaibek.
2017-07-25 20:36:32
5-чи классты жаман окуду беле, эмне тесттен отуудон коркуп жатат. Бушайман болбой эле ото бербейби эл катары эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан