Исхак Масалиев: “Мыйзам жазылганда президенттикке талапкер лексика-грамматика боюнча тест тапшыруу керектиги жазылган эмес”

Президенттикке талапкер, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев шайлоо тууралуу мыйзам жазылганда талапкер лексика-грамматика боюнча тест тапшыруу керектиги жазылган эместигин айтты.

Анда “Кыргызтест” системинин жетекчиси Батма Ботоева лексика-грамматика дегенде кыргыз тилинин теориясын билүү керек деген ой жарата турганын билдирди. Анын айтымында, субтесттин биринчи бөлүмү Лексика-грамматика, жазуу бул күнүмдүк сүйлөгөн сөздү туура жазуу жана колдонуу болуп эсептелет жана ага кыргыз тилинин эрежелери кирбейт.

Бүгүн, 25-июлда “Кыргызтест” системинин жол жоболору менен таанышуу болуп өттү. Президенттикке талапкер мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча 4 бөлүктөн турган тестирлөөдөн өтөрү маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
TalaCSKA
2017-07-25 12:48:01
Кыргыз тилинен тест тапшыра албаган адам анан кантип КЫРГЫЗСТАНды башкарат ?
+6
Arsenal2
2017-07-25 12:59:18
Мине мынча коркушту тесттен.оздоруно ишенбей жатышат ко
+4
tular
2017-07-25 14:20:52
Arsenal2, Корккон жок бул киши! Болгону бул PR! Жок дегенде бир жолу суйлоп ММКаларга чыгуу!
+1
Totyua.71.
2017-07-25 17:43:13
Мамлекеттик тилден тест тапшыра албаган ажонун кимге кереги бар?
Эне тилин билген инсан эли учун ойлонот Жана кам корот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан