Бишкек шаарынын прокурорунун милдетин аткаруучу болуп Асан Кангелдиев дайындалды

Бүгүн, 25-июлда Бишкек шаарынын прокурорунун милдетин аткаруучу болуп Асан Кангелдиев дайындалды. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Алманбет Абдраманов ырастады.

Кангелдиев буга чейин Башкы прокуратуранын коомчулук жана эл аралык байланыш маалымат кызматынын башчысы, ошондой эле Башкы прокуратуранын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын ага прокурору болуп иштеген. 2016-жылдын август айынан бери Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары кызматын аркалап келген.

Эскерте кетсек, буга чейинки Бишкек шаарынын прокурору Кубанычбек Бейшекеев 21-июлда өз каалоосу менен кызматтан кеткен эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2017-07-26 09:30:57
Adiletto, эскертүүлөргө карабай коомдук адепке туура келбеген, кимдир бирөөнү мазактаган билдирүүлөр жазгандыгы жана эскертүү сызыгы толгондугу үчүн Түбөлүк БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан