Сурдлимпиадалык оюндарында Кыргыз спортчусу коло медаль жеңип алды

Түркиянын Самсун шаарында 18-30-июль аралыгында өткөн XXIII жайкы сурдлимпиадалык оюндарында Кыргыз спортчусу Азамат Мавлонов таэквондо боюнча мелдеште коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, Азамат Мавлонов 68 килограммга чейинки салмакта жарым финалдык этапка чейин жетип орусиялык Алексей Застрожинге 10:20 эсебинде жеңилип калган. Бирок Азамат Мавлонов коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алган. Анда Кыргыз спортчусу украиналык Иван Жаданга туш келип, 24:18 эсеби менен жеңишке жеткен.

Бул жеңиш менен Азамат Мавлонов Кыргыз мамлекетинин капчыгына 3-коло медалды алып келди.

Эске салсак, буга чейин Гамбит Айдарбеков менен Ильгиз Каналбек уулу коло медалдардын ээси болушкан.

Маалымдама: Сурдлимпиадалык оюндар - угуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасындагы спорттук мелдеш. Оюндар 1924-жылдан баштап өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
grace
2017-07-31 10:38:20
Азаматтар, ийгиликтерге жетише бергиле келечекте. Жеңишиңер кут болсун.
0
Miru
2017-07-31 11:07:55
Сурдолимпиада
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан