Сурдлимпиадалык оюндарында Кыргыз спортчулар 2 коло медаль тагынышты

Түркиянын Самсун шаарында 18-30-июль аралыгында өтө турган XXIII жайкы сурдлимпиадалык оюндарында Кыргыз спортчу Гамбит Айдарбеков жана Ильгиз Каналбек уулу коло медалдарын тагынышты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, Гамбит Айдарбеков грек-рим күрөшү боюнча 85 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, коло медаль үчүн беттеште армениялык спортчуну жеңип алган.

Ильгиз Каналбек уулу дзюдо боюнча мелдеште 100 килограммдан жогорку салмак ченинде катышып, коло медалын жеңип алды. Ал коло медаль үчүн болгон беттеште ирандык спортчу менен кез келип жеңишке жеткен.

Маалымдама: Сурдлимпиядалык оюндар - угуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасындагы спорттук мелдеш. Оюндар 1924-жылдан баштап өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан