Кыргыз спортчулары Вьетнамдын Ханой шаарында жиу-житсу боюнча 11-14-август аралыгында өтө турган Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдайт.
Маалыматка ылайык, Азия чемпиондугунда Кыргыз курама командасынан 5 спортчу катышат. Алардын ичинен кумда ойнолуучу Азия оюндарында коло медалын жеңип алган Муртазали Муртазалиев катышат.
Жиу-житсу боюнча Кыргыз курама командасы:
Бекаяр Эгембердиев - спорт чеберге кандидат;
Бектур Тыныбеков - спорт чебери;
Муртазали Муртазалиев - Эл аралык категориядагы спорт чебери;
Нуркалый Мирланов - спорт чебери;
Эржан Турускелдиев - спорт чеберге кандидат.
Эске салсак, Чолпон-Ата шаарында 21-22-июль аралыгында жиу-житсу боюнча эл аралык мелдеш өтүп, ага 60тан ашык Кыргыз жана Казак спортчулары катышкан.