Казакстандын Астана шаарындагы көк бөрү боюнча өтө турган Дүйнө чемпиондугуна барган Кыргыз курамасынын сатып алган муляжы машыгуу учурунда 10 мүнөткө жетпей жыртылып калды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Көк бөрү федерациясынын аткаруучу директору Султан Бекташев билдирди.
Анын айтуусуна караганда, 25-июлда Көк бөрү федерациясынын жетекчилиги Казакстандын Астана шаарына барып 45 миң сомго сатып алган муляж машыгуу учурунда 10 мүнөткө жетпей жыртылып калган.
"Бул муляж менен кантип мелдешти өткөрүшөт билбейм. Мүмкүн Казакстанда башкачасын колдонуп жүрүшкөнбү... Биз сатып алган муляж машыгуу учурунда 10 мүнөткө жетпей жыртылып калды. Саткан адамдарга кайрылып алмаштырып берүүсүн талап кылабыз", - дейт Султан Бекташев.
Айта кетсек, Казакстандын Астана шаарында 20-28-август аралыгында көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт. Бул мелдешке катышып жаткан Кыргыз курамасы “А” тайпасына туш келип Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия жана АКШ курама командалары менен күч сынашат.