Бүгүн, 25-июль күнү Астананын “Казанат” ат майданында көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугуна чүчүкулак аземи өткөрүлдү. Анда Кыргыз курама командасы “А” тайпасына туш келип Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия жана АКШ курама командалары менен күч сынашмай болду.
Көк бөрү федерациясынын аткаруучу директору Султан Бекташев учурда Кыргыз курама командасы Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатканын маалымдады.
“Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз курама командасы даярдыкты эки этапта өткөрүп, алгачкы этап 4-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында башталган, учурда биринчи этапты жыйынтыктап, экинчи этапты өткөрүүдө. Даярдык машыктыруучунун программасы менен, илгерки жана заманбап ыкмалар менен коштолууда. Спортчулар машыгуусун тоодо, машыгуучу залдарда жана көл жээгинде өткөрүп жатат. Бүгүн Астанада Дүйнө чемпиондугуна чүчүкулак аземи өткөрүлдү, анда Кыргыз курама командасы 1-номерди тартып алып “А” тайпасынын сап башына туш келди. “А” тайпасына Кыргыз курамасы менен чогуу Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия жана АКШ курама командалары кирди. Казакстан курамасы 7-номерди алып “В” тайпасынын сап башына турду. Алар Азербайжан, Орусия, Венгрия, Кытай жана Ооганстан курама командалары менен күч сынашат”, - деп билдирди Султан Бекташев.
“А” тайпасы: Кыргыз өлкөсү, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, АКШ.
“В” тайпасы: Казакстан, Азербайжан, Орусия, Венгрия, Кытай, Ооганстан.
Кыргыз курама командасынын оюндарынын тизмеси:
1-күн: Кыргыз өлкөсү – Монголия;
2-күн: Кыргыз өлкөсү – Өзбекстан;
3-күн: Түркия – Кыргыз өлкөсү;
4-күн: Кыргыз өлкөсү – Тажикстан;
5-күн: АКШ – Кыргыз өлкөсү.