Бүтүндөй дүйнө элине таанымал, буга чейин кино, шоу-бизнес тармагында жүрүп ысымы таанылып, кийинчерээк саясатка аралашкан белгилүү инсандар бар. Алардын катарын кино жаатында эмгектенип, ошондой эле бодибилдинг спорту менен таанылган Арнольд Шварценеггер толуктайт. Ал буга чейин көптөгөн тасмаларга тартылып келген.
Аны көпчүлүк кино сүйүүчүлөр "Терминатор" тасмасы аркылуу жакшы билишет. Шварценеггер 2003-жылы Калифорниянын губернатору болгон. Ал марихуананы мыйзамдаштыруу боюнча оюн айтып келген. Актёр президенттик тагы үчүн да ат салышууга кызыкдар болгон. Бирок АКШнын мыйзамдары башка өлкөдө төрөлгөндөр үчүн талапкерлигин коюуга жол бербейт. Ал эми актёр Австрияда төрөлгөн.
Бүтүндөй коомчулукка актёр катары таанылып саясатка аралашкандардын катарында Дуэйн Жонсон да бар. Ал шоу дүйнөдө "Аска" лакап аты менен белгилүү. Америкалык атактуу Public Policy Polling компаниясы сурамжылоо жүргүзүп, Жонсондун 2020-жылга президент болуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айткан.
Ал эми АКШнын 40-президенти Рональд Рейган ишмердүүлүгүн радиодо спорт баяндамачы болуу менен баштаган. Бир канча жылдан кийин жумушун таштап, киностудия менен контракт түзүп, жүздөгөн бюджети аз тасмаларга тартылган. Негизинен ал ковбойдун образын жаратчу. Рейган 1981-жылдан 1989-жылга чейин президенттик тактыда отурган.
Бир кезде чыгармачылык менен алектенип кийинчерээк саясатка аралашкан саясатчылар Кыргыз өлкөсүндө да жок эмес. Алардын бири легендарлуу Жогорку Кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаев кино жаатында эмгектенип бир топ тасмаларга режиссёрлук кылган. Анын даңазалуу "Махабат дастаны" тасмасы 1983-жылы тартылып, кыргыз көрөрмандарынын жылуу пикирлерине арзыган. Учурда коомчулукта Садырбаевдин "Кайран гана эл, кайран гана мамлекет, кайран гана мурдуна бок сүйкөлгөн кыргыздар, дагы тарткылыгың алдыда экен. Белиңди бекем байлап туруп чыдагын, өзүңдүн зөөкүр уулдарыңа, өзүңдүн зөөкүр кыздарыңа" деген сөзү байма-бай колдонулуп келет.
Ал эми жазуучу Султан Раев повесть, аңгемелерди жазып чыгармачылык менен алектенген. Кийинчерээк ал Маданият министри, президенттин кеңешчиси кызматтарын аркалаган. Раевдин акыркы мезгилде жазган "Жанжаза" аталышындагы романы 20 жыл аралыгында жазылып бүткөн.
Обончу, композитор Түгөлбай Казаков да чыгармачылык чөйрөдөн саясий чөйрөгө аралашып келет. Ал кезегинде маданият маалымат жана туризм министринин кызматын аркалап келет.
Мындан сырткары обончу, аткаруучу Ибрагим Жунусовдун да саясий чөйрөгө аралашып калганы бар. Анын "Эламан", "Ата-Журт", "Жалал-Абад" аттуу ырлары коомчулукка тараган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты, маданият маалымат жана туризм министри кызматын аркалап, учурда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси болуп иштейт.
Мындан сырткары Каныбек Иманалиев, Эгемберди Эрматов, Чыныбай Турсунбековдор ыр жазуу менен алектенген саясатчылардын катарын толукташат.