Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Бакыт Төрөбаев бирикти. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта SUPER.KG порталына Мадумаров билдирди.
Анын айтымында, мындан ары дагы биригүүлөр болот. Жакында арасынан бир талапкерди президенттик шайлоого көрсөтүшөрүн белгиледи.
6-августта “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партияларынын лидерлери бир талапкерди колдоо үчүн макулдашууга кол коюшкан.
Эске салсак, президенттикке шайлоого аттануу үчүн 59 талапкер БШКга арыз берип, анын экөөсү баш тартышкан. Ал эми бирөөсүнүн талапкер болууга жашы жетпей калган. Учурда 56 талапкер калды. Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.