Мамлекеттик каттоо кызматы Борбордук шайлоо комиссияга "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзамына ылайык, президенттик тандоого катыша турган шайлоочулардын алдын ала түзүлгөн тизмесин берди.
Алдын ала түзүлгөн тизмеге 18 жашка чыккан жана биометрикалык каттоодон өткөндөр гана киргизилген. Алардын саны 2 914 588.
15-августтан тарта шайлоочулардын тизмелери шайлоо участкаларына илинет.
"Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды өзүн тизмеден тактоону өтүнөт", - деп жазылат маалыматта.