Германияда аял 2 бутунан жана колунан айрылды. Буга чиркейдин чагуусу себеп болушу мүмкүн

Германиянын Кёльн шаарынын жашоочусу Зонья Куйас чиркей чаккандан кийин 2 бутунан жана колунан айрылды. Бул туурасында немис маалымат кызматтары жарыялады.

"43 жаштагы Куйас пол жуугуч болуп иштечү. Ушул жылдын март айында таштандыларды төгөрдө колун жана буттарын чиркейлер чагып алган. Кийинчерээк чаккан жерлерден шишиктер пайда болуп, башы айланып өзүн жоготкондо кесиптештери "Тез жардам" чакыртышкан. Медициналык жардам көрсөтүлүп аны үйүнө чыгаргандан кийин да өзүн жаман сезе бергендиктен күйөөсү кайрадан ооруканага алып барган. Көп убакыт өтпөй бейтап эс-учун жоготуп, чиркей чаккан жерлери карарып баштаган. Жыйынтыгында дарыгерлер анын 2 бутунун ылдый жагы менен 1 колун кесип салууга аргасыз болушту.

Медицина кызматкерлери чиркейдин чагуусунан жугуштуу вирустар денеге кирип кандын бузулуусуна алып келгенин болжолдошууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
hebo90k
2017-08-09 10:49:25
Кудай сактай кор.
+12
Nurdinova
2017-08-09 12:14:36
Аллахым өзүң сакта
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан