Бүгүн футбол боюнча өлкө кубогунун жарым финалдык беттештери старт алат

Бүгүн, 9-август күнү футбол боюнча өлкө кубогунун жарым финалынын алгачкы беттештери орун алат. Анда "Дордой" - "Абдыш-Ата" жана "Нефтчи" - "Алай" командалары кез келет.

Бишкек шаарында "Дордой" командасы өз үйүндө "Абдыш-Ата" командасын кабыл алат. Жарым чейрек финалда бишкектик "Дордой" "Кара-Балтаны" жеңип, "Абдыш-Ата" командасы "Дордой-2" командасын жеңип жарым финалга өткөн.

"Дордой" - "Абдыш-Ата"

Өтө турган жери: Бишкек шаары, "Дордой" стадиону.

Калыс - Киемидин Пириев.

Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү "Нефтчи" командасы Оштун "Алай" командасын кабыл алат. Жарым чейрек финалда "Нефтчи" Төпө-Коргондон келген "Достук" командасын 10:2 эсеби менен жеңсе, Оштун "Алай" командасы "Алай-2" командасын 10:5 эсебинде жеңип жарым финалга өткөн.

"Нефтчи" - "Алай"

Өтө турган жери: Кочкор-Ата шаары, "Нефтчи" стадиону;

Калыс - Тимур Файзуллин.

Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 17:30да башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан