Футбол боюнча өлкө кубогунун жарым финалына "Нефтчи" жана "Абдыш-Ата" командалары өттү

"Абдыш-Ата" (Кант) – "Дордой-2" (Бишкек) 3:2

Футбол боюнча өлкө кубогунун жарым чейрек финалында канттык "Абдыш-Ата" өз үйүндө "Дордой-2" командасын кабыл алып, оюндун акыркы мүнөттөрүндө эсепти 3:2 кылып жеңишке жетти.

Жарым финалга жолдомо алуу үчүн Кант шаарында "Абдыш-Ата" менен "Дордой-2" командасы кезиккен. Анда "Дордой-2" командасы, оюндун аягына чейин эки гол киргизип, 2:1 эсеби бойдон коргонууда ойноп жеңишке бардык аракетти көргөн. 87-мүнөттө "Абдыш-Атанын" чабуулчусу Иван Филатов пенальтиден гол киргизип эсепти тең кыла алды. Кошумча убакытта "Абдыш-Ата" командасы оюнду пенальтилер сериясына чейин жеткирбей 114-мүнөттө гол киргизип жеңишке жетти.

Калыс: Денис Шалаев.

Голдор: Субанов - 4-мүнөттө (өз дарбазасына), Филатов - 31, 87 ( экөө тең пенальтиден), Карипов - 114 – Тапаев - 22.

"Нефтчи" (Кочкор-Ата) – "Достук" (Төпө-Коргон) 10:2

Кочкор-Ата шаарында Футбол боюнча өлкө кубогунун жарым чейрек финалынын алкагында жергиликтүү "Нефтчи" өз талаасында "Достук" командасын кабыл алды. Анда үй ээлери конокторго эч кыйынчылыгы жок 10 гол киргизип, кийинки этапка өттү. Эми жарым финалда "Нефтчи" командасы оштук "Алай" менен беттешет.

Калыс: Абдуганы Турсуналиев.

Голдор: Салимбаев - 2-мүнөттө, Иминов - 9, 12, 18, 75, 90, Дуванаев - 7, 22, Маликов - 28, Тухтасинов - 32 – Сабиров - 23, Шарипов - 52 ( пенальтиден).

Бүгүн, 27-июль күнү Бишкек шаарында "Дордой" командасы "Кара-Балтаны" кабыл алат.

Беттеш саат 18:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tunerbei1812
2017-07-27 17:53:40
Нефтчи алга!!!
0
ShiRiNiM--KyZyM
2017-07-27 18:59:01
Нефтчи алга!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан