14-июль күнү дайынсыз жоголгон 25 жаштагы Бактыкан дале табыла элек

14-июль күнү Бишкектеги "Бекжан" деген кафеден чыгып кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жаткан 25 жаштагы Таалайбек кызы Бактыкан дале табыла элек. Бул тууралуу 9-августта SUPER.KG'ге кыздын жакындары кабарлашты.

Анын жеңеси Өкмөтаалы кызы Бегайымдын айтымында, мындан төрт күн мурун аны Бишкектеги Кулиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринин короосунан көргөндөр болуп, эртеси агалары барып ал үйдөн таба албай келишкен.

Кызды издөө ишин улантып жаткан Сокулук РИИБинен маалымдашкандай, кыз боюнча азырынча эч кандай маалымат келип түшө элек.

Бактыкандын өзгөчө белгилери: бою 150-160 сантиметр. Үстүнө ак түстөгү футболка, күлгүн түстөгү спорттук кийим, кара түстөгү шым кийип, боз түстөгү сумка асынып алган. Байланыш телефондору: 0550 88 19 03, 0553 69 65 69, 0706 69 65 69, 0702 86 47 03, 0708 92 22 38.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tatynam_88
2017-08-09 13:19:08
Кулиевада жон журмок беле эми
+1
asil-08
2017-08-09 14:00:49
Кулиева деген жаман кочобу, мен бишкекти билбейм ошон учун кайсы кочо кандай экенин дагы билбейт экенмин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан