Тегеранда өткөн Дүйнөлүк информатика олимпиадасында бишкектик окуучу коло медаль тагынды

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу Амангелди Жусубалиев Тегеранда өткөн Дүйнөлүк информатика олимпиадасында коло медаль утуп алды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинен кабарлашты.

Бул олимпиадага Каракол, Ош шаарларынан да барган окуучулар катышканы маалым болду.

"26-июлдан 4-августка чейин Иран мамлекетинин Тегеран шаарында информатика сабагы боюнча окуучулар арасында 29-Дүйнөлүк информатика олимпиадасы өткөрүлдү. Жалпысынан бул олимпиадага 82 мамлекеттен 304 окуучу информатика сабагы боюнча билимдерин сынашты", - деп жазылат маалыматта.

Катышуучулар алгоритмикалык тапшырмаларды чечүүдө жана программалоодо өз чеберчиликтерин көрсөтүшкөн.

"Дүйнөлүк информатика олимпиадасынан байгелүү орунду ээлөө эң чоң жетишкендик. Бул дүйнөдөгү алдынкы ЖОЖдорго окуу үчүн мүмкүнчүлүк берүүчү платформа болуп саналат", - деп кошумчалашкан мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
JOM
2017-08-10 18:42:25
sapat-sebat alga)))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан