Атактуу актёр Брэд Питт жакшы жакка өзгөргөндүгү үчүн мурунку жубайы Анжелина Жоли ага үй-бүлөнү сактап калуу үчүн экинчи мүмкүнчүлүк бергенин америкалык басылмалар жазып чыгышты.
"Учурда түгөйлөр ортодогу мамилесин кайра калыбына келтирүү баскычында турушат. Алардын ажырашуу процесси көп айдан бери өзгөрүүсүз, бир орунда турат. Мындан улам эч ким аларды ажырашат деп ойлогон жок. Жоли Питти азыр деле сүйөт", - деп басылмага алардын жакындарынын бири билдирген.
Ошондой эле ал Жоли менен Питт жакында ажырашуудан баш тарткандыгы тууралуу коомчулукка жар салышарын айткан.
Ал эми эки ай мурун Жоли Брэд Питтин үйү жайгашкан Лос Фелиз районундагы хан сарайга көчүп барган. Учурда мурунку жубайлардын үйлөрү бири-биринен 5 мүнөттөй алыс аралыкта. Ага чейин актриса Калифорния штатындагы Малибу шаарында жашаган.
Белгилей кетсек, түгөйлөр 9 жыл жарандык никеде жашаган соң 2014-жылы расмий түрдө үйлөнүшкөн. 2016-жылдын 20-сентябрында Анжелина Жолинин адвокаты актриса Брэд Питт менен ажырашып жатканын расмий тастыктаган.