Израилдин Хайфа шаарында Жер планетасынын учурдагы эң кары эркек адамы деп эсептелинген Исраэль Криштал каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Исраэль Криштал 1903-жылы 15-сентябрда Польшада төрөлгөн. Ал өмүрүнүн көп бөлүгүндө кондитердик жумуштар менен алектенген. 1944-жылы 41 жашында еврейлерди тукум курут кылабыз деген немис баскынчылары тарабынан Освенцим шаарынын жанындагы "өлүм лагерине" камалып, ал жакта үй-бүлөсү бүт каза болуп, жалгыз өзү аман калган. Ал "өлүм лагеринен" чыкканда болгону 33 килограмм салмакта болгон.
Кийин 1950-жылы Израилге көчүп кетип, калган өмүрүн ошол жакта өткөргөн. Ал 1 айдан кийин 114 жашка толмок. Криштал 2016-жылы 19-январда "Дүйнөнүн эң кары эркек адамы" деп табылып, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.
Ал эми учурдагы эң кары аял - Вайолет Браун 117 жашта.