Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар аялдамада турган 2 сааттын ичинде 8 троллейбус келген. Жыйынтыгында алар такси менен кетишкен

Буга чейин Бишкектеги №11-троллейбустун айдоочусу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды салуу үчүн унаадагы пандусту түшүрүүдөн баш тарткандыгы маалымдалган. Абалды видеого ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды окутуп, каражат табууга үйрөткөн атайын долбоордун өкүлдөрү тартып алган.

Долбоордун жетекчиси Николай Лучкин ал күнү долбоордогу жаштар керектүү дарекке такси менен жеткендигин SUPER.KG порталына айтып берди.

Анын айтымында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар 10-август күнү "Россия" кинотеатрына тасма көрүү үчүн келишкен. Бирок ал жерде калктын мындай катмардагы жарандарына шарттар каралбагандыктан башка кинотеатрга барууну туура көрүшкөн. Долбоордун өкүлдөрү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын ошол күнүн видеого тартууну чечкен.

"Троллейбустарга чейинки барган жерлерибиздин баарын тасмага тартып жатканбыз. Ал күнү биз арабада отурган жарандар менен аялдамага жөө бардык. Унаа жолдорун кесип өтүүдө, жолдо араба менен жүргөн адамдар үчүн шарттын жоктугунан жүдөдүк. Бирок аялдамага жеттик. Ал жерде ылайыктуу транспортту күтүп 2 саат убактыбызды короттук. Бул убакыт аралыгында 8 троллейбус келди, айрымдарынын пандустары жок болсо, кээ бир троллейбустун айдоочулары пандустарды катырылган жерден түшүрө албай койду. Бирок аракет жасашты. 3-болуп келген троллейбустун айдоочусу убактысынын жок экендигине шылтап, пандустарды түшүрүүдөн баш тартты. Жыйынтыгында биз кинотеатрга такси менен кеттик", - дейт Лучкин.

Ал белгилегендей, өлкөдө жалпысынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 173 миң адам бар. Алардын көчөгө чыгып, коомго аралаша ала тургандары ар бир жолу ушундай абалга туш болот.

"Биздин аткаминерлер ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды "жокко" санашат. А чындыгында мындай адамдар ар бир кадам сайын түйшүктөргө учурайт. Эч бир жерде атайын шарттар каралган эмес. Биз бул видео менен чиновниктерге, саламаттыгы чың адамдарга алардын арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да жашап жатканын көрсөттүк. Ошол күнү долбоордогу балдар кандай кыйынчылыктарга туш болгонун толугу менен видеого тартканбыз, жакын арада жарыялайбыз", - деп кошумчалады атайын долбоордун жетекчиси.

Айдоочу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды салбай кетти
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын дагы бир көйгөйү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Tailgate
2017-08-12 18:02:48
Биздин чиновниктердин колунан келгени бироо эле ал дагы жала жапмай мееми жеди чачымы агартты демей анан дагы эптеп бир нерсе таап шылтап чемелеп бири бирин камаштырып соттоштуруп кылмыш козготуп койуш эле
+2
Ma9
2017-08-12 18:52:18
Айдоочуларга Сабак отуш керекпи билбейм окуучу балдар токтотсода токтобойт чыгып калышса олтурба деп урушат бечара балдар бош оорун турсада олтурбай кетишет Майыпдарга шарт тузуп бериш керек да биринчи очурут текшергиле иштебесе ондотсун Антип ача албай калышпай токтобой кеткендерге жаза бергиле Башкаларгада Сабак болсун
+5
ikitaidesu
2017-08-13 09:59:15
Андай койгойлор толтура. Ош шаарындагы Мамыров кочосундо тротуар деген тушунук жок. Жолдун эки чети базар, тротуарга товар коюлат же товар жуктош учун машина турат. Коляска менен Бир жакка чыгуу озунчо эле азап.
+2
RusMos76
2017-08-13 11:34:13
Атайын автобус сураса деле болмок да, баары коляскачан майыптар экен, таксиге кантип батты, очошуп не кылат мамлеккетик органдар 2су тен.
0
beklan.kz12
2017-08-13 22:16:18
Казахстанда мүмкүнчүлүгү четтетилгендерге шарттар түзүлгөн каалаган жерине бара алышат Кыргызстанда да ошондой болсо жакшы болмок
0
beklan.kz12
2017-08-13 22:17:55
мүмкүнчүлүгү чектелген
0
Pamirlan
2017-08-14 10:48:04
Бизди кудай эле кармап турат. Элди ойлогон эч Ким жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан