Индиянын Уттар Прадеш штатындагы мамлекеттик ооруканада 2 күндүн ичинде 30 наристе чарчап калды. Алардын басымдуу бөлүгү жаңы төрөлгөн ымыркайлар болгондугун чет элдик маалымат булактары бүгүн, 12-августта жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 5 күн ичинде бул ооруканадагы 60 бала көз жумган.
Балдардын массалык түрдө чарчап калышы оорукана кычкылтек толтурулган баллондорду алып келип турган ишканага акчасын төлөбөй койгондугу менен байланыштуу экендиги жарыяланууда.
"Бирок Индия бийлиги мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбей турганын айтып чыккан. Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканада ар дайым кычкылтек толтурулган баллондор запасы менен турарын билдирген. Ал эми чарчап калган 60 баланын көбү энцефалиттен жабыркаган. Энцефалит бул жердин климатында көп кездешет", - деп жазылат маалыматта.
"Бүгүн, балдардын өлүмү 5 күндө 60ка жеткенде бул ооруканага 300 даана кычкылтек баллондору алынып келинди", - деп жазган бул боюнча Синхуа агенттиги.
Ал эми Индия бийлиги бул абал боюнча иликтөө жүргүзүлө тургандыгын, кайгылуу окуянын себептери ошондон кийин гана анык болорун кошумчалаган.