Быйыл январь-июль айларынын ичинде өлкөнүн ички дүң продукциясы 240 миллиард сомго жакындады. Бул тууралуу 12-августта Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 6,9 пайызга жогору. “Кумтөр” кен казуу ишканасын эсепке албаганда 214 миллиард сомдон ашык түзүп, өткөн жылдан 3,6 пайызга жогору болду.
Ички дүң продукциянын өсүшү негизинен өнөр жай, курулуш, айыл чарба жана кызматтарды көрсөткөн тармактары тарабынан камсыз кылынды.
Өткөн жылдын январь-июль айларына салыштырганда ички дүң продукциясынын түзүмүндөгү товарларды өндүргөн тармактардын үлүшү 2,5 пайыздык пунктка өсүп, 37,2 пайызды түздү. Ошол эле убакта кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү тескерисинче 1,6 пайыздык пунктка азайып, 51,3 пайызды түздү.