Кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны 15-17-август күндөрү өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, эки тараптуу жыйын Чолпон-Ата шаарында өтөт. Иш-чарага катышуу үчүн Кыргыз мамлекетине Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келет.
Буга чейин өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен өзбек премьер-министри телефон аркылуу сүйлөшүп, жыйындын даярдыктары тууралуу талкуулашкан. Мындан тышкары Абдулла Арипов Кыргызда 2017-жылдын октябрында өзбек маданият күндөрүн өткөрүүгө өзбек тараптын даярдыгын тастыктаган.