Бүгүн Астанада ЕАЭБ Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны болот

Бүгүн, 14-августта Астанада Евразия экономикалык биримдигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев жана Орусия федерациясынын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жумушчу жолугушууларды өткөрөт.

ЕврАзЭС Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында күн тартибиндеги негизги багыттарды ишке ашырууга карата жүргүзүлүп жаткан даярдыктар жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер арасында пенсиялык камсыздоо боюнча келишимдин долбоору тууралуу маселелер талкууланат.

Мындан сырткары ЕАЭБ жалпы электроэнергетикалык соода аянтчасынын алкагында борбордук уюмду уюштуруу маселеси, бул рынокту түптөө үчүн иш-чараларды каржылоо, 2018-2020-жылдарга ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн транспорт саясатына багытталган пландарды ишке ашыруу боюнча маселелер каралат.

Ошондой эле ЕврАзЭС Бажы келишимдерине ылайык, мамлекеттин ички процедураларын өткөрүүнү кароо, бажы товарларын декларациялоо, отчётторго мониторинг жүргүзүү, Казакстандын дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгондугуна байланыштуу келип чыккан маселелерди кароо, 2016-жылы биримдикке мүчө мамлекеттер ортосундагы киргизилген бажы төлөмдөрүнүн бюджети тууралуу маселелер талкууланат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов, Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев, Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов, Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигиндеги өкүлү Санжар Үмөталиев, премьер-министрдин кеңешчиси Нурсулу Ахметова, Өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова жана экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nemo2016
2017-08-14 08:36:25
Сооронбай президенттиге талапкер болсо эмнеге кетпей журот же куч топтош учун пиярби
+1
grace
2017-08-14 08:43:24
Жакшы Кыргызстанга пайда алып келе турган иштерди бүтүрүп келгиле, Кудайым буюрса.
0
aiman1983
2017-08-15 09:23:27
Кезектеги жыйын отту, биздин премьер онтоп орусча жарым барак созун аран окуду, уят эле. Канча жылдан бери бийликте журот, официалдуу орус тилине кичине тилин конуктуруп албаптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан