Президенттикке талапкерлердин 37си мамлекеттик тил сынагын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта SUPER.KG порталына Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 37 талапкер тил сынагын тапшырган, анын экөө өтпөй калган. Учурда президенттик шайлоого ат салышам деген 51 талапкер калды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 5 талапкер гана 30 миңден ашуун кол топтогон. Алар: Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Текебаев, Бакыт Төрөбаев жана Сооронбай Жээнбеков. 25-августта чогултулган колдорду тапшыруунун мөөнөтү аяктайт. Мындан тышкары ар бир талапкер 1 миллион сом күрөө төгүшү керек. Ошондон соң гана БШК аларды талапкерликке каттайт. Азыркы тапта Темир Сариевге "президенттикке талапкер" макамы берилген.
Шайлоо 15-октябрга белгиленген.