Шайлдабекова: "БШКга үгүт иштерин эрте баштап алгандар боюнча 19 даттануу арызы түштү”

Борбордук шайлоо комиссиясына үгүт иштерин эрте баштап алгандар боюнча 19 даттануу түштү. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта аталган комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.

Ал шайлоо алдындагы үгүт иши 10-сентябрда башталып, 14-октябрда бүтө турганын айтты. Азыркы учурда көп даттануу арыздар тастыктала элек экенин белгиледи. Арыздар укук коргоо органдарына укуктук баа берүүгө жибериле турганын кошумчалады.

Ошондой эле ал 13 талапкердин соттолгондугу жоюла элек экенин билдирди. Алар боюнча тийиштүү органдарга сурам жөнөтүлгөнүн айтты.

Айта кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Учурда шайлоого аттана турган талапкерлердин 51и калды. Учурда БШК талапкерлерди каттоо иштерин жүргүзүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Tailgate
2017-08-14 13:23:15
Бишкекте отурсан ошто жалал абадда баткен кызыл кия жана башка шаарларда эмне болуп жатканын билбейсинда ошон ушун тастыктала элек деп жатасын.келип корсон тастыктайсынбы? Мээнин баарын азыркы бийлик ээлеп тушуно да кирип жатса керек негизи!
+2
kyrgyz.kg83
2017-08-14 14:06:24
Айылдарда башталды елди болмой.ууру ууруларга болуп чайга чакырып башташты.агитация кундон кунго куч алып кууру убадаларды бере башташты.
+1
Revolyutsiya2
2017-08-14 14:55:29
Менимче эртенки шайлоого катышып кереги жок. Колдон келсе Мадумаровдор талапкерлигин алып салып, элди шайлоого бойкот жарыялоого чакырыш керек... Анткени бийлик бугунку БШКнын колу менен канчалык "таза" шайлоо откороору кун мурунтан маалым болуп калды... Бул шайлоого катышып кимге добуш берсен да бийлик БШКнын колу менен Жээнбековду биринчи турда эле президент деп жарыялоону болжоп жатат.. Мындай БШК менен шайлоого барып кереги жок!!!!!
+1
Revolyutsiya2
2017-08-14 14:57:04
Баса БШК телеканал, гезит, сайттар Жээнбековду тынбай мактаган, калптан токулган макала же телекорсотууну байкамаксан болот да, оппозоцияны дароо "коро" коюшат.....
+1
batkendik.18
2017-08-14 14:59:14
Жалганчылар ишин баштады колунардан ХХХХ да келбейт жалганчылар
0
admin_superstan
2017-08-14 15:22:53
batkendik.18, этика нормаларын сактаңыз.
-1
Rifle_I
2017-08-14 16:18:33
Жээнбеков ачык эле элди аралап жүрөт го ?
Бул үгүт эмес, бирок кызматтык абалынан пайдаланып сиз менен биздин налогдорубузду чачып жүрөт. Эмне себептен мурда айланган эмес ?

Туруктуу президент дагы эле жок окшойт.
Бабанов болсо таза кыргыз эмесмин дегендей кылып Ошто өзбектерге барып келди.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан