Бүгүн, 14-августта Бишкектин райондор аралык сотунда президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевди мамлекеттик тил сынагына катыштыруу маселеси каралып жатат. Жактоочу Канат Азиз бул маселени Борбордук шайлоо комиссиясы чечиши керек деген пикирин айтты.
“Камактагы адам президенттик шайлоого катышкан учурлар дүйнөлүк практикада деле бар. Алардын дагы президенттик шайлоого талапкер катары аттанганга укугу бар. Өмүрбек Текебаев мурда президенттикке талапкер болгондо тил сынагына катышкан, ошонун жыйынтыгы менен чечим чыгарса болот. Ошондой эле азыркы учурда жүрүп жаткан сотто тыныгуу учурунда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөлөрү сынак алса болот. Шарт түзүп берүүнү суранабыз”, - дейт ал.
Эске салсак, 10-августта БШКнын отурумунда Текебаевди тил сынагына катыштырбоо чечим кабыл алышкан. 8-августта Жогорку Сот президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевди тил сынагына катыштыруу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин күчүндө калтырган. "Ата Мекен" партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова "Бишкек шаарынын райондор аралык соту Борбордук шайлоо комиссиясын Өмүрбек Текебаевди мамлекеттик тил сынагына катыштыруу маселесин кароону милдеттендирди" деп билдирген болчу. БШК "Сот Текебаевди тил сынагына катыштыруу маселесин кароого милдеттендирген жок. Болгону "БШК аракет көргөн эмес" деп тапты" деп билдирүү тараткан.