ЖЫЛНААМА, 15-АВГУСТ: 95 жыл мурун белгилүү драматург Токтоболот Абдумомунов туулган

Белгилүү драматург Токтоболот Абдымомунов мындан 95 жыл мурун, 1922-жылы 15-августта Чүй облусунун Кемин районундагы Атаке кыштагында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Бала кезинен эле атасынын агасы Рыспайдын комузун, жомокторун угуп чоңойгон.
1938-жылы Фрунзедеги медициналык окуу жайга кирип, кийин Жошолу айылдык советинде фельдшер, пункт башчысы болуп эмгектенет. 1939-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна өтүп, 3-курстан оорусунун айынан аны таштоого мажбур болот.
Студент кезинде эле Токтоболот Абдымомунов театрга көп ирет барып, сахна өнөрүнө болгон чоң сүйүүсүн арттырат. Чыгармачылыгы "Кумдуу чап", "Курман" пьесалары менен башталган. Абдымомунов өмүрүнүн акырына чейин отузга чукул драмалык чыгармаларды жаратып, пьесалары кыргыз театрларынын сахналарынан түшпөй байма-бай коюлуп турган.
Драматург чыгармачылыгы менен бир катар эле коомдук иштерди да активдүү жүргүзгөн инсан болгон. Ал 1959-1971-жылдары Кыргыз жазуучулар союзунун 1-катчысы, 1974-1987-жылдары Кыргыз театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген.
Ал "Ашырбай", "Борбаш", "Каркыралар кайтканда" ,"Абийир кечирбейт", "Карагул ботом" өңдүү чыгармалардын автору.
Көзү өткөндөн кийин улуттук драматургия жаатында эң мыкты пьесаларга бериле турган Кыргыз Республикасынын Токтоболот Абдымомунов атындагы адабий сыйлыгы уюшулган (1991-жыл). Улуу драматург 1989-жылы дүйнөдөн кайткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан