Президенттик шайлоодо жарандарды идентификациялоого өлкө боюнча 9500 оператор ишке алынат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
Шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында Мамлекеттик каттоо кызматы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму жана Шайлоо системдери боюнча эл аралык фонду менен биргеликте Мамкаттоо кызматынын 25 тренерин окутууда.
Алар өз кезегинде аймактарда техникалык колдоо тобунун 500 адисин жана идентификациялоо боюнча операторлорду окутуучу 186 тренерди окутушат.
Окуунун программасы шайлоо процессинин бардык маселелерин камтыйт, ошондой эле тиешелүү жабдууда иштөө менен коштолот. Сентябрда аталган кызмат республикалык деңгээлде шайлоочуларды идентификациялоо системин тестирлөөдөн өткөрүп, жарандарды идентификациялоо боюнча операторлорду окутууну пландоодо.