ЖЫЛНААМА, 15-АВГУСТ: Ойлоп табуучу Томас Эдисон телефон аркылуу сүйлөшүүнү "алло" деп баштоону сунуштаганына 140 жыл болду

Белгилүү америкалык ойлоп табуучу Томас Эдисон телефон аркылуу сүйлөшүүнү "алло" деп баштоону сунуштаганына 140 жыл болду.

Александр БеллАлгач бул сөздүн келип чыгышына түрткү болгон окуяларга токтоло кетсек, 1876-жылы Филадельфиядагы бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө америкалык окумуштуу Александр Белл өзү ойлоп тапкан аппарат - телефонду коомчулукка көрсөткөн. Ал грек тилинен "теле" - алыс жана "фоно" - үн деген сөздөрүнөн алынган.

Бразилиянын падышасы Педро II көргөзмөдө телефонду көтөрүп, башка бөлмөдө турган Александр Беллдин үнүн укканда таң калганынан "О, Кудай бул сүйлөп жатат" деп колунан аппаратты түшүрүп жиберген. Биринчи телефон аркылуу 250 метр алыстыкта турган адам менен гана сүйлөшүү мүмкүн эле. Үндөр да тунук чыккан эмес. Ошого карабай телефон болуп көрбөгөндөй сенсация жараткан.

Томас ЭдисонАндан кийин телефон аркылуу бири-бири менен кантип сүйлөшүүнү баштоо керектиги талкуулана баштаган. Окумуштуу өзү Александр Белл "Аhoy" же "Эй" деген сөздү колдонууну сунуштаган.

1877-жылы 15-августта Томас Эдисон Питтсбург телеграф компаниясынын президентине кат жазып, телефон менен башка адамга кайрылганда "hello" сөзүн колдонуу керектигин сунуш кылган. Аталган кайрылуу кийин бизге "алло" түрүндө кабыл алынган.

15-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ilgis1991
2017-08-15 12:26:04
Ото кызык! !!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан