Виктор Цойдун ысымын уккан ар бир музыка сүйүүчүсү көңүл кош калбаса керек. Таланттуу музыкант, автор, "Кино" тобунун солисти 1990-жылдын 15-августунда кырсыкка кабылбаса, дагы да канчалаган хит ырларды жаратмак? Бул суроо анын бардык угармандарын кайгыга салса керек. Виктор Цой бул дүйнө менен коштошконуна 27 жыл болсо да, ырлары популярдуулугун жоготпой, атүгүл анын өлүмүнөн кийин да төрөлгөн угармандары бар.

Виктор Цой 1962-жылы 21-июнда Ленинград (азыркы Санкт-Петербургда) шаарында туулган. Атасы казак жараны, корей улутундагы, инженер Роберт Цой анын музыкага болгон кызыгуусун арттырып 5-класс кезинде гитара сатып берип, анда кол ойнотууну үйрөткөн. Апасы дене тарбия мугалими Валентина Цой жалгыз уулу тууралуу төмөнкүлөрдү айткан:
"Виктордун ысымын атасы койгон. Мен Дима деп атайын дегем, бирок айла жок макул болгом. Виктор "жеңиш" дегенди билдирет эмеспи, бирок ал жеңүүчү болгон эмес, Витя жоош болуп, алдыга умтула берчү эмес. Ал 8-классында чылым чеге баштаган. Анысы үчүн урушчу эмесмин, себеби чылым чегүү эркектердин сүйлөшүү түрү, анын тандоосу болчу. Виктор алкоголдук ичимдиктерин да ичип көргөн, бирок көйгөйлөрү болгон эмес. Менин билишимче баңги да болгон эмес".
Анын сүрөт тартуу өнөрү бала бакчага барып жүргөн кезинде эле билинген. Апасы сүрөт тартууга керектүүнүн баарын сатып берип, бул өнөрүн өркүндөтүүгө шарт түзүп берген. Сүрөт тартуу жагынан таланттуу бала 8-классты аяктагандан кийин өз каалоосу менен көркөм сүрөт орто окуу жайына тапшырган. Бирок ал музыкага кызыгып, рок-группа түзгөнү окуу жайдын жетекчилигине жаккан эмес. Көп убак өтпөй, окуудан чыгарылган. 1979-жылы №61-кесиптик техникалык орто окуу жайынын жыгач устачылык тармагына тапшырган. Ал жыгачтан япон элинин салттуу нэцкэ фигураларын жасап досторуна, жакындарына белекке бергенди жакшы көрчү. Бул кесиби боюнча 1982-жылы ишке орношуп, бирок ошол учурда эле ырчылык талантын такшалтып, “Гарин Гиперболоиды” тобун түзгөн. Кийин тобунун аталышын “Киного” алмаштырган. Ырчынын алгачкы “Кино” аттуу альбому, андан соң “Начальник Камчатки” альбому да жарык көргөн.

"Ал ырчылыктын аркасы менен чет өлкөлөргө чыгып келди. Кайрымдуулук концерттеринде ырдап жүргөн. Мен канча каражат алганы тууралуу сурасам, 2 сагыз, 1 сыра алганга жеткенин айтып койчу", - деген апасы.
Кыска өмүрүндө атактуулуктун бардык тармактарынан өзүн сынап көрүүгө жетишкен рок ырчысы Виктор Цой сүрөт тартып, чыгарма жаратып, ырдагандан тышкары киного тартылууга да үлгүргөн. Ал тартылган “Конец каникула”, “Асса”, “Игла”, “Последний герой” аттуу тасмалары совет доорунда КМШ өлкөлөрүнө кеңири тараган. Айта кетчү нерсе, актёр катары эмес, жөн гана ырчы катары тартылууну каалаган Виктор Цой бардык кинолордо өзүнүн гана образын жараткан. “Игла” кинотасмасы Алматы шаарында тартылып, ырчыга өз мекенинин абасы менен дем алып, туугандары менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзгөн.

Виктор Цой 28 жаш курагында 1990-жылы 15-августта эртең мененки саат алтыларда автокырсыктан каза тапкан. Күнүгө таң заардан балык уулоону адатка айландырган ырчы бул жолу да ошол тарапка кетип бараткан. “Москвич-2141” маркасындагы машинасы “Икарус” автобусу менен кагышып, ырчы ошол жерден эле каза тапкан. Анын артынан бара жаткан айдоочу Цой унаасын акырын айдап бара жатканын, бир нече секунддарга бурулуштан көрүнбөй калып, каршы тилкеге кантип чыгып кеткенин түшүнбөй калганын айткан. Виктор Цойдун канынан алкоголдук зат табылган эмес. Ошондой эле рулда бара жатып уктап кеткени да далилденбегени айрым маалыматтарда жазылып келет. "Следствие вели…" документалдык тасмасында ал магнитофондогу кассетанын бетин алмаштыруу үчүн алаксып кеткенин болжолдошкон. Бирок унаада кассета болгонбу же болбогонбу белгисиз бойдон калууда.

Ал жабык табытта коюлганы күйөрмандарында көптөгөн суроолорду жаратып, мүрзөсүн ачууну талап кылышкан. Анын өлүмү күйөрмандарынын көпчүлүгүнө катуу тийип, айрымдары өзүн өзү өлтүрүүгө баргандары жазылып келет.

Музыкант 19-августта Ленинграддын Богословск көрүстөнүнө коюлган. Аны узатууга миңдеген адам келген. 19 жыл өткөн соң апасы Валентина Цой жүрөк оорусунан каза болгон. Ал эми биринчи жубайы
Марианна Цой 2005-жылы рак оорусунан каза болгон. Ырчынын аркасында уулу
Александр Цой калган. Ага атасынын жана "Кино" тобунун чыгармачылык мурасынын 50 пайызы таандык. Программист болуп иштегени менен, атасынын жолун жолдоп ыр жазып, рок музыкасына кызыгат.
"Кино" тобунун угармандары Кыргыз жергесинде да бар. 1996-жылы июнь айында "
Виктор" тобу Ош шаарында негизделген. Солисти
Асхат Калбаев. Учурда "Кино" тобунун продюсери
Юрий Белишкин менен иштешип, Виктор Цойдун ырларын ырдап, дүйнөнүн булуң-бурчуна гастролдорго чыгып турушат.

Виктор Цой кырсыкка кабылып каза болгон күнү Москванын Арбат көчөсүндөгү дубалдардын бирине "Бүгүн Виктор Цой каза болду" деп кара түс менен жазып кетишкен. Ага кимдир бирөө "Цой тирүү" деп жооп калтырган. Атасы Роберт Цойдун айтымында:
"Москвада мындай дубалдын бар болушу мен үчүн маанилүү. Витя каза болгондо, 5 жыл өткөн соң ал тууралуу унутушат дегем, бирок кылымдын төрттөн бир бөлүгү өттү, анын атактуулугу дагы да өчө элек. Анын мүрзөсүнө күйөрмандары чогулуп турушат, алардын көбү аны көрүшкөн эмес".
"Кино" тобу, анын ырлары ырдалып жаткан кезде унутулбайт жана Цой тирүү болот.