Бүгүн, 15-августта өкмөттө “Таза коом” долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңештин отуруму өтүүдө. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков отурумдун алкагында аталган долбоор мамлекеттик кызматтарды электрондук түрдө көрсөтүү коррупцияны жоюуга өбөлгө түзө турганын айтты.
“Таза коом” мамлекетти, экономиканы жана бүткүл коомду өнүктүрүүчү долбоор. Ал ишкерликти, сооданын жана өндүрүштүн жаңы сапаттагы моделдерин ачууга жардам берет. Билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун, мамлекеттик башкаруунун форматын өзгөртөт”, - деди өкмөт башчы.
Ошондой эле ал “Таза Коомдун” негизги максаттарынын бири укуктук чөйрөнү түзүү болуп санала турганын белгиледи.