Бүгүн, 15-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда президенттик шайлоого аттануудан баш тарткан жана четтетилген талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укуктары токтотулду.
Алар шайлоого катышуудан баш тарткан Нусрет Муса-Оглы Мамедовдун жана Анвар Сартаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү. Ошондой эле соттолгондугу жоюлган эмес деп шайлоодон четтетилген Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү.
Эске салсак, бүгүнкү күндө президенттикке аттанып жаткандардын 50сү калды. Кечээ, 14-августта Акбаралы Айтикеев талапкерлигин алып салган. Буга чейин Марта Кыдыралиева, Муканбайжан Айманбаев, Камил Токтобаев көрсөтүлгөн күндөн баштап 5 календарлык күндүн ичинде шайлоо фондуларын түзө албай калгандарына байланыштуу БШК аларды каттоодон баш тарткан. Ошондой эле Роман Ремнев талапкерликке жаш курагы жетпегендиктен четтетилген. Буга чейин эки талапкер Нусрет Муса-Оглы Мамедов, Анвар Сартаев мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырардын алдында президенттик шайлоого ат салышуудан баш тартышкан. Ал эми Куттубек Бешбаков жашы талапка жооп бербегендиктен четтетилген. Ошондой эле Садыр Жапаровдун соттолгондугу жоюлбагандыктан БШК каттоодон өткөрүүдөн баш тарткан.