Адегенде модель, кийин актриса, акыркы учурда алпаруучу катары таанылып жаткан Түштүк Кореянын белгилүү актрисаларынын катарын толуктаган Сон Чжи Хё 1981-жылы туулган. Эгерде корей сериалдарын кууп көргөн сүйүүчүлөрдүн бири болсоңуз, аны 2006-жылы чыккан “Хан сарай” дорамасындагы балеринанын, "Үч падышалыктын жылнаамасы: Жумонг" тарыхый драмасында жараткан хандын жубайынын ролу аркылуу тааныйсыз. Ал эми акыркы тартылган сериалдарынын ичинен “Тез жардам” кызматынын врачтарын” белгилөөгө болот. Ошондой эле “Тоңуп калган гүл” тасмасында башкы каармандардын катарындагы ханышанын ролу менен атагы арткан. Дуу-дуу кепти жараткан бул фильм 18+ категориясында экендигин эске сала кетели.
Эми бүгүн туулган күнүн белгилеп жаткан актрисанын өзгөчөлүгүнө токтолсок. Анын башка корей атактуу айымдарынан айырмачылыгы - бул жасанбай-боёнбой эл көзүнө чыгуудан тартынбаганында. Популярдуу “Чуркап бара жаткан адам” шоу берүүсүнүн катышуучусу катары көрүүчүлөр актрисаны тасма талаасынан сырткары кандай экендигине күбө болушкан. Тагыраагы Сон Чжи Хё көбүнесе ал берүүгө мейк-апсыз, же билинер-билинбес боёнуп эле тартылган. Ал эми өзү бул тууралуу Түштүк Кореяда чыккан “Cosmopolitan” журналына берген маегинде минтип айткан: “Ачыгын айтсам, макияж жана стилист тандап берген кийим-кече менин кыжырымды гана келтирет”. Жыйынтыгында анын мындай кадамы такай көрүүчүлөр тарабынан колдоого алынып келет.
15-августтун жылнаамасы.