Ысык-Көлдө "баласынын көзүнчө келинди зордуктады" деп айыпталган жаран 8 жылга эркинен ажыратылды

Ысык-Көлдө "баласынын көзүнчө келинди зордуктады" деп айыпталган жаран 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта SUPER.KG порталына Ысык-Көл райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот отуруму кечээ, 15-августта болуп Ысык-Көл райондук соту айыпталуучуну 8 жылга эркинен ажыраткан. Андан сырткары жабырлануучуга моралдык чыгым катары 100 миң сом, материалдык чыгым катары 30 миң сом төлөөсүн милдеттендирген.

Айта кетсек, 2016-жылдын 28-июль күнү 1983-жылы туулган Чүй облусунун тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, Балыкчы шаарынан Бишкекке келе жатканда айдоочу аны зордуктап, 5 жаштагы баласы менен талаага таштап кеткенин айткан. Бул иш боюнча кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Балыкчы шаарынын тургуну кармалган. Ысык-Көл облусунун Тоң райондук соту зордуктоого шектелген жаранды 3 жылга эркинен ажыраткан. Буга макул болбогон прокуратура Ысык-Көл облустук сотуна кассациялык даттануу келтирген. Аталган иш боюнча Ысык-Көл облустук соту Тоң райондук сотунун өкүмүн жокко чыгарып, кайра кароо үчүн Ысык-Көл райондук сотуна жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
dastan_nookat
2017-08-16 12:32:37
Жакшы кылыптыр мындайларды камаш керек
+5
Jumahmatov
2017-08-16 12:42:35
Азго 25 жылдан кем эмес беруу керек мындайларга
+8
RusMos76
2017-08-16 12:52:29
Jumahmatov,бироосу 2жылга, экинчиси 8 жылга, учунчусу 20жылга закон баарына бирдей эмес!
0
admin_superstan
2017-08-16 14:30:50
kanatbekabytovich82, провокациялык билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Коомдук этиканы сактаңыз. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан