Ош шаарындагы 3-класстын окуучусу Элнура Эсеналиева туулган күнүнө президент Алмазбек Атамбаевден аквариум балыктарын белекке алды. Президенттин белегин бүгүн, 16-августта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Элнура Эсеналиева мындан 20 күн мурун 13-августта болчу туулган күнүндө президенттен белек алууну каалап, кат жиберген. “Кызым сыналгы көрүп отуруп "президентке кат жөнөтөлү" деген оюн айтты. Анткени 13-август кызымдын туулган күнү эле. Катына "аквариум балыктарын белекке бериңиз" деген каалоосун жазып, мен аны жөнөтүп койдум. Өлкө башчыбызга ыраазычылык билдирем, кубанычымда чек жок”, - дейт апасы Эсеналиева.
Ал эми кичинекей Элнура аквариум балыктарына көптөн бери кызыгып жүргөндүгүн, кыялын өлкө башчы орундатып, туулган күнүнө күтүүсүз белек кылгандыгы үчүн кубанып жаткандыгын кошумчалады.