Жалал-Абад облусунун Аксыдагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бейит айылынын жолу жаз мезгилинде жүргөн селден эмдигиче тазалана электигин окурман бүгүн, 16-августта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Сел жазында жүргөн, жолдор эмдигиче тазаланбай жатат. Эл жол жоктугунан көлдүн жээгиндеги курулушка керектүү каражаттарын алып бара албай кыйналып жатат. Чөптөр да ташылбай жатат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.