Айымдардагы кайсы сапаттар мырзаларды тарта албайт?

Woman.ru сайты 13 миң мырзадан "Аялдардын сексуалдуулугун бузган сапаттар кайсылар?" деген суроого жооп алган. Сурамжылоого катышкандардын 64 пайызы бул суроого - "жагымсыз жыт" деп жооп беришкен. Айымдардын мырзаларды өздөрүнөн алыстаткан дагы бир көрүнүшү - өзүнө кам көрбөгөндүк. "Жасанбаган аялдарга арбала албайм" деген жооп 54 пайызга ээ болгон.

"Ашыкча семиргендер, төшөктө жыгачтай болуп жата бергендер жана биздин ар бир кыймыл-аракетибизди жактырбай, сындай бергендер көп. Бул бизге такыр жакпайт", - дешкен сурамжылоого катышкандардын дээрлик көпчүлүгү. Мындан тышкары үнүн катуу чыгарып, кыйкырып сүйлөө да аялдардагы сексуалдуулукту жоготот. Мындай пикирди суралгандардын 28 пайызы айтышкан.

"Тамеки тартуу да аялдардагы сулуулукту жашырат", - деген жооп 26 пайызга ээ болсо, тамактануу учурунда "арыктагым келет", "бул тамактын калориясы тигинче, мунуку мынча" дей бергендер да эркектердин кыжырын келтире тургандыгы белгилүү болгон.

"Ретро" айымдар, башкача айтканда, эски сүйгөндөрүн эстеп, ал тууралуу айтып бере бергендер мырзалардын ачуусун гана келтирбестен, катуу капа кыларын белгилешкен.

"Чоёктоп, тилин чайнагандай болуп, жасалма сүйлөй берген бийкечтерден сексуалдуулукту көрө албайбыз", - деген жооптуу 3104 мырза айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Batma08
2017-08-17 10:20:56
Охоо жакшы кенеш
+3
batyrovaferdaus
2017-08-17 10:29:55
Менде бирида жоок
-11
bond
2017-08-17 11:14:10
batyrovaferdaus,сени издеп журдум эле озүң айтып калдың.
+6
PeRa
2017-08-17 10:52:57
Суйуп калса эч нерсеси корунбой эле калат, суйбосо тигиниси, мунусу, анысы деп шылтоо таап журо берет.
+4
Snejana
2017-08-17 17:56:21
PeRa,туура айттыныз. Чындап суйуп калса, эч нерсесине карабайт.
0
limuna
2017-08-17 11:20:21
Кыйкырыб суйлой турган мамиле жасашат да оздору )))))
+10
RusMos76
2017-08-17 16:18:39
limuna,кыйкырып суйлогонго акырын жооп кыл да
+1
aikokul14
2017-08-17 11:43:45
Бизден деле сурап койгула,эмнеси жакпайт деп...)))
+11
Aima94
2017-08-17 11:47:00
aikokul14,туура)))кемчиликтерди ушундай айтабыз)))
+10
aikokul14
2017-08-17 11:46:42
Албетте жагымдуу жыт кимге жакпасын,анан да ар бир адамдын өзүнө таандык жыты болот,ошол жытты көөөп атыр куюп басып салбаш керек деп ойлойм.
+7
Aruwka.89
2017-08-17 13:09:22
aikokul14, ошол жытты канча атыр сеппесе деле жоголбосо керек анткени ал адамдын денесинен болунуп чыгатта
Ананда ал жыт адамдын маанайына карап болунуп чыгат экен маанай жакшы болсо жакшы жаман болсо жагымсыз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан