Мындан 50 жыл мурун 1967-жылы 17-августта америкалык мушкер Мухаммед Али үйлөнүп, өзү ислам динин кабыл алганын жар салган. Той өткөн соң жубайы Белинда Бойд дагы ислам динин кабыл алып, өзүнүн атын Халила Алиге алмаштырган. 1970-жылдын ортосунда Мухаммедге ашык болгондордун көптүгүнөн түгөйлөрдүн мамилелери бузула баштаган. 1977-жылы Халила менен Мухаммед ажырашып кетишкен. Мухаммед Алинин өзүнүн ысымы Ка́ссиус Клэй болгон. Ал ислам динин кабыл алган соң атын да өзгөрткөн.
Мушкер 18 жашка толгондо "Рим-1960" Олимпиадасына жолдомо алган. Ал мелдеште эң жаш мушкер болгонуна карабай атаандаштарын утуп, алтын медаль тагынган. Мушкер Олимпиада оюндарынан алтын медаль менен кайтып келген соң Луисвилл шаарындагы ресторандардын бирине кирген. Бул ресторан ак түстөгү адамдар үчүн болгонун мушкер мыкты билген. Бирок өзүнүн Олимпиада чемпиону экенин айтып, ал ичкенге суу да ала алган эмес. Буга катуу арданган мушкер "керекке жарабаган" медалын сууга ыргыткан.
Бул окуя мушкердин ислам динин кабыл алуусуна негизги себептердин бири болгон. Анткени мушкердин бул чечимине ислам дининдеги адамдардын ак-кара болуп расалык бөлүнүүчүлүккө жол берилбегени жана динде тынчтыкка, достукка чакырыктар терең экени негиз болгон.
Мухаммед Алинин ислам динин кабыл алышы анын спорттук карьерасында, жеке турмушунда да оор сыноолор менен коштолгон. Мушкер ошол убактагы “Ислам улуту” аттуу уюмга мүчө болгон. 1967-жылы диний ишениминен улам Мухаммед Али Вьетнамдагы согушка катышуудан баш тарткан. Ал себептен чемпион наамын жоготуп, 5 жылга абакка кесилген. "Өз өлкөсүн сатып кетти!" деп көптөгөн күйөрмандар андан жүз бурганы менен, мушкер принцибин карманган. Кийинчерээк сот аркылуу өкүм өзгөртүлгөнү менен, Мухаммед Али бир нече жыл бою бокс беттештерине катышуу лицензиясын ала албай келген. Бирок мушкердин диний ишенимин бул сыноолор өзгөртө алган эмес.
Ал ислам динин тутуп жашаган жыйырма жылдан кийин маалымат каражаттарынын бирине мындай билдирүү берген.
"Мен мусулманмын, мусулман динин кабыл алганыма 20 жыл болду, мени бардыгыңыздар жакшы билесиздер, боксчу катары жана чынчыл адам катары. Ислам дини туура эмес жолго алып бара турган болсо, мен ислам динин кабыл алмак эмесмин. Мусулман дини таза, тынчтыктын дини. Мен бул динди кеч тандаганыма өкүнөм жана дүйнөгө дагы бир жолу туулсам сөзсүз ислам динин тандамакмын. Анткени мен исламды кабыл албаганымда бүгүн дүйнө Мухамедди таанымак эмес", - деп айткан.
Мухаммед Али 1942-жылы 17-январда АКШнын Кентукки штатындагы Луисвилл шаарында төрөлгөн. Профессионалдык рингде 61 беттеш өткөрүп, 56 ирет жеңишке жетишкен Мухаммед Али 1964-1966-жылдар аралыгында жана 1974-1978-жылдар аралыгында супер оор салмакта Дүйнө чемпиону катары чемпиондук курга ээ болгон. Спорттук карьерасы аяктагандан кийин 1984-жылы анын көрүүсү, угуусу начарлап, ооруканага жаткырылган. Ал калган өмүрүн калтырак оорусу менен өткөргөн. 2016-жылдын 3-июнь күнү 74 жаш курагында легендарлуу мушкер Финикс шаарындагы ооруканалардын биринен көз жумган.
17-августтун жылнаамасы.