Бүгүн, 17-августта Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Бостери айылында кар аралаш мөндүр жаады. Бул тууралуу социалдык тармактардын колдонуучулары кабарлап, жергиликтүү тургундар тастыкташты.
"Мөндүр эртең менен жаап, азыр эрип кетти. Учурда тоого кар жаап жатат. Күн бүркөө, дагы жаачудай болуп турат. Аба ырайы суук, эс алуучулар жок", - дейт жергиликтүү тургун.
Эскерте кетсек, 12-августта да Ысык-Көл өрөөнүндө мөндүр жааган.