"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Аксыдагы Патрулдук милиция бөлүмүнүн аталышы жазылган тактайчадагы каталар оңдолду

Аксы районундагы Патрулдук милиция бөлүмүнүн аталышы жазылган тактайчадагы каталар оңдолду. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта SUPER.KG`ге Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы боюнча Патрулдук милиция бөлүмүнүн уюштуруу жана үгүт иштери боюнча тескөөчүсү Нурлан Саркаров билдирди.

"Патрулдук милиция бөлүмүнүн аталышы жазылган каталар оңдолуп, тактайча кайра башынан илинди. Бардыгы биз колдонуп жүргөндөй, документтик негизде оңдолду", - дейт Нурлан Саркаров.

Аталган текст боюнча Улуттук тил комиссиясынын котормо бөлүмүнүн жетекчиси Аалы Молдоканов окурман айткандай, 5 сөздө 3 ката эмес 2 ката бар экендигин айтты.

"Негизи сөз кыскартылгандан кийин окулушуна жараша ыңгайлашып, мүчө өзгөрүшү керек. "РИИБүнүн" деген сөз ката жазылган, ал "РИИБнин" же "РИИБинин" болуп жазылышы керек болчу. "Патрульдук" деген сөздө да ката бар, орус тилинен кирген ичкертүү белгиси бар сөздөрдү кыргыз тилинде жазганда сөздөгү ичкертүү белгиси түшүп калат. Ичкертүү белгиси кыргыз тилине 36 тамганын бири болуп кирген, бирок кыргыз тилинде колдонулбайт. Негизи "патрулдук милиция" өзү "кайгуул милициясы" деп аталышы керек эле. Бул боюнча бир нече жолу керектүү жерлерге кат жөнөтүп кайрылдык, бирок жоопсуз болуп жатат", - дейт Аалы Молдоканов.

Эскерте кетсек, буга чейин окурман "Элдик кабарга" Аксы районундагы Патрулдук милиция бөлүмүнүн дареги жазылган тактайчадагы 5 сөздө 3 ката бар деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alixan-Nookat.2015
2017-08-17 17:11:39
Бул жакта патрулдук милиция тобу эмес патрулдук милиция болумчосу (отделения) эмесби? Райондук ички иштер болумуНИН (РИИБнин же РИИБнун)болобу анда?
-4
RusMos76
2017-08-17 18:11:58
уят эле!
-3
PROS
2017-08-17 18:41:13
Эми группа кылып коюшуптур го?))) Мына биздин жогорку окуу жайдан билим алгандардын деңгээли!!! Пара берип диплом алгандын кесепети.
-3
almanbetperm
2017-08-17 22:55:10
))))))))) айла жок кулосун
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан