Орусиянын Юстиция министрлиги өлкө аймагында "Жахаба күбөлөрүнүн" ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Бул тууралуу аталган министрликтин расмий сайтында кабарланат.
"Орусиянын Юстиция министрлиги тарабынан "Орусиядагы Жахаба күбөлөрүнүн башкаруу борбору" уюму жана анын алдындагы 395 жергиликтүү диний уюмдар күчүнө кирген "Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы" мыйзамга ылайык, ишмердүүлүгүн токтотуучу же жокко чыгаруучу коомдук, коммерциялык эмес жана диний уюмдардын катарына киргизилди", - деп жазылат билдирүүдө.
Уюмдар бул тизмеге Орус Федерациясынын Жогорку Сотунун 20-апрелдеги чечимине ылайык киргизилгени белгиленет.
Сот Юстиция министрлигинин доо арызын карап, "Жахаба күбөлөрүнүн" бардык 395 бөлүмүнө ишмердүүлүгүн токтотууну буюруп, менчигин мамлекеттин эсебине өткөргөн. Бул тууралуу орусиялык ТАСС басылмасы жазат.
Уюмдун өкүлдөрү Жогорку Соттун апелляциялык инстанциясына жана Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылышкан. 17-июлда алардын арызы Жогорку Сотто кайрадан каралып, уюмду экстремисттик топ катары тааныган буга чейинки чечимди мыйзамдуу деп таап, апелляциялык арызды канааттандырган эмес.