Индияда 10 жаштагы зордукталган кыз төрөдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кичинекей кыз төрөп жатканын билген эмес. Ага ата-энеси ичине операция жасала турганын айткан. Ымыркай өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Чандигарх шаарындагы ооруканада кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келген. Учурда анын абалы туруктуу. Кыздын атасы бейтапкананын кызматкерлеринен жаңы төрөлгөн ымыркайды багып алууга жардам берүүсүн суранган.
"Кыз бир нече ай бою тууганы тарабынан зордукталганы болжолдонууда. Бир ай мурда ата-энеси кызынын ичи ооруганынан улам ооруканага алып барышкан. Ошондо анын кош бойлуу болгонуна 30 жума болгону аныкталган.
Июлда Индиянын Жогорку Cоту кыздын аборт жасатуусуна уруксат беришкен эмес. Аталган өлкөдө кош бойлуулук 20 жумадан ашканда, эгер эненин ден соолугуна зыянын тийгизбесе боюнан алдырууга тыюу салынган", - деп айтылат маалыматта.