Кытайлык ишкер сүйүктүүсү турмушка чыгууга макулдук бергенден кийин 5 миң кишини кесме менен сыйлады

Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы ишкер Чунцин шаарына сүйгөн кызынын колун сураганы келип, 5 миң кишини кесме менен сыйлады. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, ал сүйүктүүсү жашаган Чунцин шаарындагы тамактануучу жайга баштыгын унутуп кеткен.

Баштыктын ичинде бизнесмендин келечектеги жубайы үчүн сатып алган 300 миң юаньдык (3,1 миллион сом) бриллиант көздүү шакеги болгон.

Ресторанда отургандардын бири баштыкты мекеменин менеджерине өткөрүп бергенден кийин менеджер аны кожоюнуна кайтарган. Бир күндөн кийин бул ишкер чунциндик тургундардын ак пейилдүүлүгү анын кыялынын орундалышына себеп болгондугун жана сүйгөн кызына атаган шакегин берип, турмушка чыгууга макулдугун алгандыгын жарыялаган.

Жашоосундагы бул кубанычын белгилөө үчүн ал баштыгын унутуп кеткен ресторанга 5 миң порция кесме тамагын буюртма кылып, сүйгөн кызы жашаган шаардын жашоочуларын сыйлаган. Кесмеге кезекке тургандардын узундугу 100 метрге жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rifle_I
2017-08-18 09:39:24
3.1 млн сомго шакек алса, аябай эле бай ишкер экен. Бактылуу болушсун !
+9
Kuba-savai87
2017-08-18 11:24:54
Азаматтар таап алган адам да аш берген адам да азамат экен
+9
RusMos76
2017-08-18 11:36:35
Доширак менен сыйлаптыр да, арзан тушуптур ишкерге, бактылуу болгула!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан