1-сентябрда өлкөдөгү бардык мектептерде Билим күнү белгиленет. Мындай маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги бүгүн, 18-августта кабарлады.
Министрликтин маалыматына ылайык, 1-сентябрь күнү саат 10:00дө өлкөдөгү бардык мектептерде салтанаттуу жыйналыш өтөт. Андан кийин окуучуларга класстык сааттар өтүлөт. Адаттагыдай эле биринчи сабак Кыргыз мамлекетинин тарыхынан башталат.
Ошондой эле министрлик 1-сентябрь - окуу күнү эмес, майрам күнү экенин белгилеп, окуу жылы 4-сентябрда башталарын кошумчалаган.