СУПЕРСТАН: "Эртең менен турсаңыз эле жынысыңыз алмашып калса, сиздин жүрүм-турумуңуз өзгөрөт беле?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эгер жынысыңыз алмашып калса ..." деген темада автор: "Суроо "чисто" теоретикалык, ошого "помидор" ыргытмай жок. Форумчу мырза, эртеӊ менен турдуңуз дейли. Анан эле алигиңиз жок. Сиз өзүңүздү мындан ары эркек санайт белеңиз? Форумчу айымдар, эртеӊ менен турсаңыз, сиз эркек болуп калгансыз. Сиздин жүрүм-турумуңуз өзгөрөт беле? Аялдарга (эркектерге) болгон мамилеңизчи?" - деп суроо салган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мүмкүн, чындап эле алмашып калса аялдын кадырын эркектер, эркектин кадырын аялдар баалап калмак беле... Эми эртең менен эле эркек болуп калсам дейли, бөлмөдөгү чоң шкафты эшикке сүйрөп чыкмакмын да алым жетпей жаткан. Ал жагы го мейли, анан үнүм аялдардыкындай, манералар ушул бойдон калса, көгүштөрдөй болуп же ары эмес, же бери эмес болуп өлдүм го".

"Хе-хе, кыздар, силер кыздарга барып эле, саунадан же башка жерден башыңар чыкпай жыргап калсаӊар керек, ээ?"

"Андай болуп көрбөгөндөн кийин баарыбыз мындай кылмакпыз, тигиндей кылмакпыз дей беребиз да. Чын эле эртең менен турганда ошондой болуп калсак, кызы же эркеги болобу "шок-факт" болуп, "в обморок" түшсөк керек".

"Ушул темага толугу менен окшошпосо да ушул тууралуу бир жерден окуган элем. Кыскасы бир эркек "оо, Кудай, мени аял кылып эле жаратпаган экенсиң, аябай кыйналдым" деп Кудайдан тиленет экен. Анан эле бир күнү ойгонсо аялга айланып калыптыр. Сүйүнүп үй иштерине киришип кетет экен. Күйөөсүн жумушка жөнөтүптүр. Артынан чоң уулун мектепке, а кичинекейин бала бакчага алып барып келет экен. Үйгө келип эми бир эс алайын десе, идиштер жуулбай жатыптыр. Идиштерди жууп, үйлөрдү жыйнаганча түш болуп калат. Чоң уулу мектептен келип "курсагым ачты" десе, ага тамак даярдап берет. Кайра эле идиш аякты чайкап жыйнагыча кичинекейин бала бакчадан ала турган убак болуп калат. Аны алып келип, кечки тамакка киришиптир. Кыскасы, бардык иштерди бүтүп кечинде бутун көтөрө албай төшөккө келсе, күйөөсү "иш кылабыз" деп түнү менен кыйнаптыр. Ошентип бир канча күн өтөт. Баарынан тажаганда "оо, Кудай, мындай болбойт экен, кайра мени өз абалыма кайтарчы" деп ыйлаптыр. Ошондо жогорудан "кеч калдың, эми сенин боюңда бар" деген бир үн чыгыптыр".

"А мен болсо дароо күйөөмдүн ойношторуна "эс алып келбейлиби" деп чалмакмын. Эс алганы алып барып, энесин таанытып келмекмин".

"Мырзалар, айымга айланып калган күндө бирөөгө экинчи аял болуп тиет белеңер?"

"Аялдар го чыдай берет, керек болсо жакмак. А эркектер аял боло албайт да. Биз тарткан түйшүктүн төрттөн бир бөлүгүнө да чыдай алышпайт".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zhykyo
2017-08-19 20:25:56
Алмашып калса ха ха элестет
+1
Chubik
2017-08-19 21:00:52
Рабаяттын чондорго арналган болугунон узундубу???
+1
aikokul14
2017-08-19 21:28:45
Эркектер бир эле күнгө аял болуп көргөнүңөрдө кандай сонун болмок,эртеден кечке тытынасың же иш түгөнүп өлбөйт,үйдүн иши,сырттын иши,тамак,кир,анан түнү да жатсаң жөн коюшпайт,силер бир күн аял болсоңор,кечинде асылып өлүп алсаңар керек эле(тамаша).
+1
zheko
2017-08-20 08:56:22
Түшүңөрдү сууга айткылачы .
+1
arzygulR
2017-08-21 01:00:39
Кайсы бир кинодо тушундо болгон беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан