Өзбекстанда ашпоздор 6 тоннадан ашык палоо басышты. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, аны даярдоо үчүн диаметри 4,2 метрди түзгөн атайын казан Алмалык шаарына коюлган. 6 тонна палоону даярдоо үчүн Өзбекстандын аймактарынан эң мыкты делген 50 ашпозчу келип, жалпысынан 150 адам ишке тартылган.
Казан асылган очоктун салмагы 3 тонна болсо, казандын өзүнүн салмагы 7 тонна 70 килограммды түзөт.
Буга чейин болуп көрбөгөн көп палоону басуунун максаты - өзбекстандыктар дүйнөгө рекорд коюуну пландоодо. Ага карата даярдыктын алкагында кечээ, 17-августта өтө ири казанга 6 тонна аш басылды. Ал эми "Гиннесстин дүйнөлүк рекорддор китебине" кирүү үчүн палоо басуу иш-чарасы салтка айланган "Өзбегим" фестивалынын алкагында 8-сентябрда өтөт.
6 тонна палоо даярдоо үчүн ашпоздор: уйдун этинен - 826 килограмм, койдун этинен - 825,5 килограмм, койдун куйругунан - 195 килограмм, 1650 килограмм күрүч, 2400 килограмм сабиз, 185 килограмм пияз кошушкан. Ошондой эле 350 литр өсүмдүк майы куюлуп, 480 килограмм туз салынган. Даамын чыгаруу үчүн 4,5 килограмм зире, 165 килограмм мейиз, 90 килограмм нокот жана 3 килограмм кара мурч кошушкан. Аны аралаштыруу үчүн узундугу 2 метрге жеткен кепкирлер даярдалган. Даяр болгон палоо Алмалык шаарынын 22 миң жашоочусуна таратылып берилген.