Нарын облусунун аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча 2 айлык жарыяланып, иштин жыйынтыгында ал канааттандырарлык эмес деп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин жарыяланган көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча 2 айлыктын алкагында Нарын облусунун аймагында жумуштар жүргүзүлгөн. Бирок жумуштун жүрүшү канааттандырарлык эмес деп табылгандыктан, 1-сентябрдан тартып кайрадан облусту көрктөндүрүү боюнча 1 айлык жарыяланып, ишембиликтер өткөрүлөт.
Мындан тышкары район акимдерине жана шаар башчысына күз-кыш мезгилдерине даярдыктарды жүргүзүүдө калкка көмүр, отун жеткирүүнү уюштуруу тапшырмасы берилди. Аларга бюджеттик мекемелерге кышкы отун-көмүр 15-сентябрга чейин жеткирилишин көзөмөлдөө милдеттендирилгенин билдирет өкүлчүлүктүн маалымат кызматы.