Түп районунда жааган мөндүрдөн 488 гектар эгин талаасы зыянга учурады

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жааган мөндүрдөн 488,7 гектар айдоо аянты зыянга учурады. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондун Кең-Суу, Байзак жана Сары-Төлөгөй айылдарындагы арпа, буудай талаалары зыян тарткан. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри менен дыйкандардын жолугушуусунда кийинки жылга арпа, буудай үрөнүн камсыздап берүү маселеси көтөрүлдү.

Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл аймагында 11-12-август күндөрү мөндүр жааган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан