"Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында электр тармактар ишканасына уурулар кирип, сейфтен акча уурдашты" деген маалымат туура эмес" деп билдирди бүгүн, 19-августта SUPER.KG`ге аталган райондун электр тармагынын жетекчиси Аслан Мансуров.
"Үч-Коргон айылында электр тармактар ишканасынын чакан бөлүмү бар. Ал жерге ири суммадагы акча эмес, документтер да сакталбайт. Уурдап кете турган деле нерсе болгон эмес. Ал жерди түнкүсүн кайтарган адам болгон эмес, ошондуктан 19-августка караган түнү белгисиз адамдар эшигин талкалап кетишкен. Учурда алардын кимдер экени такталып жатат", - дейт Мансуров.
Эскерте кетсек, буга чейин окурман "19-августка караган түнү Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы электр тармактар ишканасына уурулар кирип, сейфтен акча уурдашты", - деп билдирген.