1945-жылы япониялыктар чөктүргөн америкалык "Индианаполис" ири согуш кемеси 72 жылдан кийин табылды

1945-жылы япониялык суу астында жүрүүчү кеме чөктүргөн америкалык "Индианаполис" ири согуш кемесинин калдыктары 72 жылдан кийин Тынч океанда 5,4 миң метр тереңдикте табылды. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлайт.

Аталган кеме Хиросимага ташталган өзөктүк бомбага компоненттерин жеткирип келе жатканда 1945-жылы 30-июлда чөктүрүлгөн. Крейсер 12 мүнөттүн ичинде чөгүп, командага куткарылууга мүмкүнчүлүк болбой, жардам сураганга да жетишпей калышкан. 1196 аскерден 316сы гана куткарылып, АКШ үчүн тарыхында чоң жоготуу болгон. Кемени издөө иштери 72 жылга уланган.

"Индианаполис" ири согуш кемесинин калдыктарын 18-августта Microsoft компаниясынын түзүүчүлөрүнүн бири Пол Аллендин жетектөөсү менен 13 жарандык изилдөөчүлөр тобу тапкан.

АВС телеканалынын билдиргени боюнча, кемени тапкан топ менен биргеликте АКШнын аскердик-деңиз күчтөрү кеменин кыйраган аймагын изилдейт. Крейсердин табылган жери так айтылбайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rikonai
2017-08-20 12:20:31
Чөктүрүп туура эле кылыптыр,жөн жүрүш керек да бомба ыргытпай
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан